Футбол боюнча Франция чемпиондугунун 14-турдук оюнундагы "Лион" менен "Марсель" командаларынын беттеши биринчи бөлүк башталганда эле үзгүлтүккө учурады.
"Лиондун" күйөрмандары "Марсель" клубунун оюнчуларына ойноого эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, трибунадан бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Бөтөлкөлөрдүн бири "Марсель" клубунун жарым коргоочусу Димитри Пайеттин башына тийген.
Мындан улам калыс оюнду токтотуп, командаларды талаадан чыгарган. Оюн бир сааттан кийин кайра уланмак. Бирок "Марсель" клубу талаага чыгуудан баш тарткан.
Мындай көрүнүш Франция чемпиондугунда ушул сезондо биринчи жолу болуп жаткан жок. Ушундай эле окуя 22-августта "Ницца" - "Марсель" беттешинде да болгон. Анда Пайет бөтөлкөнү кайра трибунага ыргытып жиберген. Мындан улам стадиондо мушташ орун алган.