Испаниянын жарым коргоочусу Педри 2021-жылдагы эң жаш футболчу аталып, "Golden boy" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи Турин шаарында 15-декабрда өтөт.
Педри 2020-жылдагы Европа чемпиондугунун коло байге ээси, ошондой эле турнирдин эң мыкты жаш оюнчусу. "Токио-2020" жайкы Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси. 18 жашында ал "Алтын топ-2021" үчүн талапкер болгон 30 оюнчунун тизмесине кирген.
2020-жылы бул наамга "Боруссия Дортмунд" командасынын норвегиялык белгилүү чабуулчусу Эрлинг Холанд ээ болгон.