Футбол: ФИФА уюму Гарет Бэйлдин жаракаты үчүн "Реал Мадрид" клубуна компенсация төлөп бериши мүмкүн

"Реал Мадрид" футболдук клубу ФИФА уюмунан Гарет Бэйлдин Уэльс курама командасындагы оюнда алган жаракаты үчүн төлөм алышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы ФИФА эгер футболчу улуттук курамада ойноп жатып жаракат алса, клубдарга компенсация төлөп берүүгө макул болгон. Келишимге ылайык, ФИФА "Реал Мадрид" клубуна Гарет Бэйлдин ар бир күнү үчүн 25 миң 500 евро төлөп бериши керек.

Гарет Бэйл 2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоодогу Беларусь курама командасына каршы оюнда жаракат алып, тыныгууда алмаштырылган. Кийинчерээк футболчунун балтыр булчуңдарынан жаракат алып, 2-3 аптага оюнга чыкпай турганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан