Өлкөнүн Күрөш федерациясы Улуттук олимпиада комитетинен президентти шайлоону кийинкиге калтырууну суранды.
Маалыматка ылайык, федерациянын суранганынын себеби федерациянын жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп турган Шаршенбек Абдыкеримов кызматтан кетип, шайлоодо федерациянын өкүлдөрү болбойт.
Шаршенбек Абдыкеримов Күрөш федерациясынын президенттигинен кечээ, 23-ноябрда өз каалоосу менен кеткен.