ЖЫЛНААМА, 25-НОЯБРЬ: "Атам оюндарымды көрбөй калды". 21 жашка толгон футболчу Гүлжигит Алыкулов тууралуу 6 факты

Бүгүн, 25-ноябрда белгилүү кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов өздүк майрамын белгилөөдө. Жарым коргоочу 2000-жылдын 25-ноябрында жарык дүйнөгө келген. Ал буга чейин "Кара-Балта", "Алга" жана беларустук "Неман" клубдарында ойноп келсе, учурда казакстандык "Кайрат" клубунун футболчусу. 2019-жылдын 11-июнунда алгачкы жолу Кыргыз курама командасынын катарында оюн өткөргөн.

SUPER.KG порталы 20 жашын белгилеп жаткан футболчу тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Атактуу куудулдун уулу.

Гүлжигит Алыкулов белгилүү куудул, маркум Жаныбек Алыкуловдун уулу. "Атам негизи чыгармачылыктан сырткары спортко жакын киши болчу. Бою өтө узун эмес болсо дагы футбол, баскетбол, алыстыкка секирүү боюнча мыкты болчу деп аяш аталарымдан угуп калам. Балким, атамдын таасиринен спортко жакын болуп калгам. Тилекке каршы, атам менин ойногон оюндарымды көрбөй калды" деп эскерет футболчу "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде.

Европа Лигасында гол жараткан алгачкы кыргыз футболчусу.

2020-жылдын 27-августунда Европа Лигасынын алкагында Гүлжигит Алыкуловдун клубу армениялык "Ноа" командасын кабыл алган. Кыргыз футболчусу беттештин 12-мүнөтүндө эсеп санын ачып, өзүнүн "Кайрат" клубунун курамындагы жана Европа Лигасындагы алгачкы голун жараткан. Жыйынтыгында Казакстандын клубу 4:1 эсебинде жеңишке жетишкен. Муну менен Алыкулов Европа Лигасында гол киргизген алгачкы кыргыз футболчусу болуп калган.

Кыргыз Мессиси.

Гүлжигит Алыкулов 2019-жылы "Неман" клубунун катарында ойноп жүргөндө өлкөнүн эң күчтүү клубдарынын бири БАТЭ менен болгон оюндан кийин Беларусь чемпиондугунун жылдызына айланган. Тактап айтканда, жалгыз атаандаш команданын жарымын алдап, топту дарбазага чейин алып келген керемет оюну көпчүлүктү суктанткан. Беттеш 0:1 эсебинде БАТЭнин пайдасына чечилсе да, оюндан кийин көпчүлүк күйөрмандар эсеп санын эмес, Алыкуловдун оюнун талкууга алышкан. Дал ошол оюндан кийин көпчүлүк басма сөз каражаттары, күйөрмандар Алыкуловду "кыргыздын Лионель Мессиси" деп атай башташкан.

Трансфердик баасы 550 миң евро.

Бир нече спорттук басылмалар Алыкулов менен келишим түзүү үчүн "Кайрат" клубу "Неманга" 180 миң евро төлөп бергенин жазышкан. Ал эми футболчулардын бааларын анализдеген беделдүү Transfermarkt порталы "кыргыз Мессисинин" учурдагы баасы 550 миң евро деп белгилеген. Кыргыз футболчуларынын ичинен бир гана Валерий Кичиндин баасы Алыкуловдон жогору турат.

Орто Азиядагы 7 мыкты жаш футболчунун бири.

2020-жылдын башында Азия футбол конфедерациясы тарабынан Орто Азиянын 7 мыкты жаш оюнчусу аныкталып, ага 15 жаштагы дагы бир кыргыз футболчусу Бекназ Алмазбеков менен биргеликте Гүлжигит Алыкулов дагы кирген. АФКнын расмий сайты жарыялаган маалыматка ылайык, кыргыз футболчуларынан сырткары бул тизмеден 2 өзбекстандык, 2 тажикстандык жана 1 ирандык оюнчу орун алган. Мындан сырткары Алыкулов 2019-жылдагы Кыргыз Республикасынын жана "Неман" футболдук клубунун мыкты футболчусу аталган.

Аршавиндин алкышына татыган "кичинекей кыргыз".

Алыкулов "Кайрат" клубу менен биргеликте Түркияда окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында орусиялык "Зенит" клубуна каршы жолдоштук беттешке катышкан. Беттештен кийин белгилүү орус футболчусу Андрей Аршавин оюн тууралуу пикирин билдирип жатып Гүлжигит Алыкуловдун оюнун баса белгилеп өткөн.
"Алмашууга чыккан кичинекей кыргыз жигит активдүү жана көзгө толумдуу оюн көрсөттү" деп билдирген Аршавин. Алыкулов оюндун экинчи бөлүгүнүн 59-мүнөтүндө алмашууга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан