Бүгүн, 25-ноябрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 5-турдук оюндары жыйынтыкталды. 5-турдук оюндун жыйынтыгы менен плей-офф баскычына мөөнөтүнөн мурда чыккан 11 команда белгилүү болду.
Эске салсак, 5-тур башталганга чейин 1/8 финалга жолдомону "Бавария", "Ювентус", "Ливерпуль" жана "Аякс" командалары алган. Эми аларга "Манчестер Юнайтед", "Челси", "Интер", "Реал Мадрид", "Манчестер Сити", "ПСЖ " жана "Спортинг" командалары кошулду.
Ошол эле учурда Европа Лигасына мөөнөтүнөн мурда төмөнкү командалар кирди: "Зенит", "Шериф" жана "Боруссия Дортмунд".
Ал эми Чемпиондор Лигасынан "Шахтёр", "Динамо Киев", "Бешикташ" жана "Мальмё" командалары ыргыды.
7-8-декабрь күндөрү Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын акыркы турдук оюндары өтөт. Плей-оффтук оюндар кийинки жылы башталат.
Чемпиондор Лигасынын финалы 2022-жылдын 28-майында Санкт-Петербург шаарындагы "Газпром арена" стадионунда өтөт.