Белгилүү кыргыз балбаны, "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жаңы образда түшкөн сүрөттөрүн жүктөдү.
Сүрөткө Тыныбекова жаратылыш койнунда улуттук стилдеги чапан, жоолук кийип түшкөн.
"Бир канча кылымдар мурунку ата-бабаларыбыздын кийимдерине берилген стилдүүлүк суктандырат", - деп жазды сүрөттөрдүн астына Тыныбекова.
Балбан кыз учурда АКШда эс алып, ошону менен бирге машыгуу өткөрүп дагы жүрөт.
Эске салсак, балбан Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарында финалга чейин жетип, Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында айымдар арасында алгачкылардан болуп күмүш медалды багындырган. Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова өлкө тарыхында эки жолу Дүйнө чемпиону аталган алгачкы балбан.