Белгилүү кыргыз балбандары Акжол Махмудов менен Канат Бегалиев машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедовдун мааракесинде Бек Борбиевдин "Кыргызстаным" аттуу ырын ырдап беришти. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Кечээ, 24-ноябрда Бишкектеги ресторандардын биринде эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык даражадагы калыс Мейрамбек Ахмедов 60 жылдык мааракесин белгилеген.
Баса белгилей кетсек, Канат Бегалиев "Пекин-2008" Олимпиадасында күмүш байге утса, Акжол Махмудов быйыл Японияда өткөн "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байге тагынган. Эки балбан тең Мейрамбек Ахметовдун кол алдында машыккан.