Кымбат экенине карабай бензин алууга кезек күткөндөр сансыз. Өзбекстанда бензиндин тартыштыгы курч болууда

Жыл башынан бери бензиндин баасы 72 пайызга өскөн Өзбекстанда акыркы эки аптадан бери күйүүчү майдын жетишсиздиги өтө курч болуп турат. Бул тууралуу Борбор Азия маалымат кызматы басылмасы жазды.

Ага ылайык, жакын арада социалдык тармактарга "Акыры биздин кезек да келди!" деген аталыштагы видео тараган. Анда метан толтуруучу жайда узун кезекте турган айдоочулар кезеги келгенине кубанып жаткандары көрсөтүлгөн. Алардын "керней-сурнай" деп кубануу менен айтышып, "Биз кечээ кезекке турганбыз, а бүгүн кезегибиз келди" дегендери видеого жазылып калган. Бирок дагы ондогон унаалар кезекте тургандыгы дагы чагылдырылган.

Ошол эле учурда өзбекстандык айдоочулар метанга гана эмес, бензин камдап алуу үчүн да узун кезекке турушкан.

"Кечээ мен Күйлүктөгү май куюучу жайлардын биринде 2,5 саат кезек күттүм. АИ-80 үлгүсүндөгү бензинди 8 миң 800 сумдан сатып алдым. Мына "Жаңы Өзбекстандагы" абал. Бир жыл мурун бензиндин баасы 4 миң сум болчу", - деген айдоочулардын бири.

Facebook'тагы "Ташкенттин айдоочулар" деп аталган группанын колдонуучулары май куюучу жайларда бир нече сааттап кезек күтүп да бензин ала албай жатышкандыгын жазышкан. "Кезегибиз эптеп жеткен учурда бензин түгөнүп калып жатат", - дешкен алар.

Өзбекстандын Монополияга каршы жөнгө салуу комитетинин маалыматы боюнча, АИ-80 маркасындагы бензинге болгон баа 72,1 пайызга кымбаттаган.

"Өзбек нефтегаз" компаниясынын өкүлү узун кезектин жаралгандыгынын себебин төмөндөгүдөй түшүндүргөн: "Акыркы учурларда "Өзбек нефтегаз" май куюучу жайларында чынында эле кезек чоң болуп жатат. Анткени биздин май куюучу жайларда АИ-80 маркасындагы бензинге болгон баа бизде салыштырмалуу 1200-1500 сумга арзан болууда".

Монополияга каршы жөнгө салуу комитетинин төрагасынын орун басары Фаррух Карабаев 16-ноябрда өткөн брифингде Өзбекстанда бензиндин кымбатташы ички рынокто ага болгон суроо-талаптын көптүгү менен байланыштырып, кайсы бир деңгээлде дүйнөдөгү мунайзатынын рыноктогу конъюнктурасы менен байланыштырган. Мындан тышкары ал 6 айдан бери Казакстандан автотранспорт менен Өзбекстан, Орусия, Кыргызстанга мунай алып чыгууга тыюу салынганы да таасир берип жатканын белгилеген. Андан кийин АИ-80 бензининин чыгуудагы баасы 9 пайызга арзандаган.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги учурда Өзбекстанга мунай Орусиядан гана ташылып жатканын айткан. А бирок ошол эле учурда "Өзбек нефтигаз" компаниясынын өкүлү компаниянын резервинде бензиндин жетиштүү запасы бар деп билдирген. "Учурда компания жетекчиси бааларды арзандатуунун үстүнөн иштеп жатат", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан