Футбол боюнча Бразилиянын чемпиондугунун бүтөрүнө 4 тур калганда өлкө чемпиону аныкталды. Бул тууралуу бразилиялык басылмаларда кабарланды.
Маалыматкы ылайык, “Крузейро” футболдук клубу 13-ноябрь түнү “Витория” командасы менен беттешип, 3:1 эсебинде утуп алган. Мелдештин жыйынтыкталарына 4 тур калганда “Крузейро” сезон алкагында топтогон упайларынын санын 72ге жеткирип, мөөнөтүнөн мурун чемпиондукту камсыздады. Анын эң жакын атаандашы “Атлетико Паранаэнсе” 58 упай топтоп, 2-орунда келе жатат.
Эске салсак, бул “Крузейронун” тарыхындагы 3-чемпиондугу. Бразилиялык клуб буга чейин 1966-жылы жана 2003-жылы өлкө чемпиону аталган.