Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун жана Нидерланды курамасынын мурдагы футболчусу Рафаэль ван дер Варт Чемпиондор Лигасынын алкагындагы "Манчестер Ситиге" каршы оюндан кийин "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Мессини сынга алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
"Месси мени капа кылды же футбол ойногусу келбейт, же ойногонду каалабайт. Мен Мессиге нааразымын. Уят, анткени мындай оюнчу кайра төрөлбөйт. Месси кээде талааны кыдырып жүрө берет. Ушундай эле көрүнүш "Барселона" клубунда да болгон. Ал машыгуудан баш тартып жатат. Мындай көрүнүш Мессидей оюнчуга туура келбейт. Аргентиналык футболчу суроо-талапка ээ. Эгерде ал гол киргизбесе же жардам бербесе, анда ал жаман оюн көрсөткөн болот.
"Мисалы, Криштиану Роналду мыкты беттештерди өткөрүп жатат жана команданы кийинки деңгээлге көтөрүүнү каалайт", - деген ван дер Варт.
"ПСЖ" клубу Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында англиялык “Манчестер Ситиге” 2:1 эсебинде утулуп калган. "ПСЖ" клубунан Килиан Мбаппе гол киргизсе, "Манчестер Ситиден" Рахим Стерлинг менен Габриэл Жезус гол киргизген.
Бул оюндан кийин Франциянын L'Equipe басылмасы бул беттеш үчүн Мессиге 10дук көрсөткүчтөн 4 упай берген. Париждиктердин чабуулчулары Килиан Мбаппе менен Неймар 5тен упайга ээ болушту. Эң жогорку рейтингди англиялык клубдун жарым коргоочусу Рияд Марез алган (10дук көрсөткүчтөн 8 упай).