Бишкектин Жал кичи районунда асманга ок атуу фактысы боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренеси ("калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ошондой эле Р.Б. аттуу жаран МР-371 КВ үлгүсүндөгү тапанчасын жана гильзасы жок огун өз ыктыяры менен тапшырып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Мындан тышкары жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул жаран Бишкектеги жеке күзөт агенттиктеринин бири экендиги аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти милициядан.
23-ноябрда интернетке ыкчам аракет көрүү тобунун (ГБР) кызматкери асманга ок чыгарды деген видео тараган.