"Виза алды". Азиз Сатыбалдиев АКШда тажикстандык мушкер менен беттешет

Кыргыз мушкери Азиз Сатыбалдиев АКШнын Майами шаарында тажикстандык Мухаммад Наимов аттуу мушкер менен беттешет.

Беттеш 17-декабрь күнү өтөт. Эки мушкер "TITAN FC 73" турниринин алкагында кез келет. Азиз Сатыбалдиев визаны 5 жылдык мөөнөткө алган.

25 жаштагы кыргыз мушкери карьерасында жалпы 22 беттеш өткөрсө, анын 16сында жеңүүчү аталып, 6 ирет жеңилген.

Ал эми тажикстандык мушкер карьерасында жалпы 8 беттеш өткөрсө, анын алтысында жеңүүчү аталып, 2 ирет жеңилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tasma2014
2021-11-26 17:37:18
Ийгилик иним жениш кутом
+7
suban78
2021-11-26 18:28:50
Спорттук беттеш болсун балдар.
+5
Dilbek
2021-11-27 15:57:58
Тажиктерди бир сыздатчы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан