Ысык-Көлдө автокырсык катталып, 4 адам каза болду. Дагы үчөө жаракат алышты

Ысык-Көл облусунда 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармылыгынын маалыматында автокырсык бүгүн, 26-ноябрда саат 16:30да катталды.

Каракол-Эңилчек жолунда Ниссан Х-Трейл жана Субару Форестер унаалары сүзүшүп, анын кесепетинен 4 адам көз жумду.

"Ниссан Х-Трейл унаасынын дөңгөлөгү жайкы болгондуктан жолдон тайып, каршы тилкеге чыгып токтогон. Субару Форестер унаасынын 34 жаштагы айдоочусу токтогонго үлгүрбөй Ниссан Х-Трейл унаасын сүздү. Кырсыктын кесепетинен 4 киши каза болуп, дагы 3 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышты.

Каза болгондордун аты-жөнү такталууда", - дешти маалымат кызматынан.

Бул жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-11-26 20:16:40
Жайкы дөңгөлөк менен да жолго чыкмак беле, ушундай кычыраган кыштын күнүндө!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан