Камырдан эмчек кап жасап талкуу жараткан сүрөтчү: "Мен нанды кордогон жокмун, салтты сактап жатам"

Бүгүн, 27-ноябрда социалдык тармакка сүрөтчү Алтынай Осмоеванын "Кыт, камыр, кийиз жана Ким Кардашьян" аттуу көргөзмөсүнө чакыруу иретинде даярдалган видео ролик коомчулукта талкуу жаратты. Видео тасмадан жаш кыздын камырдан аялдын эмчек кабын жасаганын көрүүгө болот. Социалдык тармактардын колдонуучулары "Обу жок аял, акмактык, кесир кылды, акылсыздык" деген пикирлерин калтырышкан. SUPER.KG порталы талкуу жараткан роликтин автору менен байланышты.

"Кыргыздарда нан улук нерсе. Биздин маданиятыбызды поп-маданият, Инстаграм, интернет бузуп жатат деген ойдо көргөзмөнү уюштурдум. Анткени жаштар Инстаграмдан түрдүү нерселерди көрүп жатышат. Ким Кардашьян учурда интернетте жылдыз болууда. Аны кыргыз кыздары жарашабы же жарашпайбы туурап, каш-кирпиктерди чаптап жатат. Бул эмне үчүн ушундай болуп жатат же биз да Ким Кардашьянга окшошуп калабызбы деген көргөзмө. Мен кыргыздын нанын кордогон жокмун. Мен кыргыздын салттарын сактап калуу максатын көздөп жатам. Кыздар табигый сулуулугун чанып, көздөрүн, оозун, төшүн чоңойтуп жатышат. Бул нан сыяктуу ыйык нерселерден баш тартуу сыяктуу болуп жатканын айткым келген. Көргөзмөнү көрбөй туруп сындап жатышат. Камырды кор кылган аялды уруш керек дегендердин комментарийлерин окуп чыктым. Ал жерден макал-лакаптарды жазып, кыргыздын ыйык нанга болгон мамилесин көрүп жүрөгүм жылыды. Болбосо ал жерде мени жамандап жатышат. Мен сүрөтчү катары кыргыздын таанылган материалдары кыт, кийиз жана камырды алдым. Негизи камырды эч качан материал катары колдонбойм. Анткени мен деле кыргызмын. Бул жерде камырды коомдо таасир берүү үчүн колдондум. Нанды бузган мен эмесмин, аны бузган поп-маданият. Мен аны болгону сүрөтчү катары чагылдырдым. Ниетим жакшы", - деди Алтынай Осмоева.

Камырдан аялдын төшүн жасап талкуу жараткан сүрөтчү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kyrgyz_bloger
2021-11-27 18:51:50
Кайра бүткөндөн кийин нан кылып жеп кой
+12
KG-312
2021-11-27 18:56:09
Ушундайда ахмак, сабатсыз көк мээ болобу бул сүрөтчүлөр.
+9
ChagyIgan7
2021-11-27 19:33:46
KG-312,жапайылар искусствону тушунмок беле
-17
Fernando_Torres
2021-11-27 19:51:01
ChagyIgan7,муну деген эврей кафур бүт барас дейт ошон үчүн артта калгасыннынар айтсак бизди кунөлу деп койот кайра соо адам ушундай кылабы бир жесир жетим оорукчан писих болуш керек
+6
KG-312
2021-11-27 22:42:48
ChagyIgan7, Что за искусство?
+6
ChagyIgan7
2021-11-27 19:32:58
Муну деген искусство дейт айылдыктар
-19
Datka7777
2021-11-28 14:53:24
ChagyIgan7,оозуна карап суйлочу кок мээ болбой
+2
Fernando_Torres
2021-11-27 19:51:58
Срочно дарга асыыш керек бул жетимди кармайбыз шашпасын
-5
Jibani
2021-11-27 22:03:34
Камырдан башка нерсе жокпу дура?
+7
bond02
2021-11-28 04:00:58
Нанды кор кылып, жасап убара болгондон коро озун эле жыланач чыксан болмок ошол камырдан жасаган нерсени живой кормокпуз, эн сонун искусство болмок.
+4
nazira...
2021-11-28 11:55:16
Ой акмак, бир жолу ылдый жагына да кийбептир. Эми ошо камырды бышырып өзүң жегин, жей алат бекенсин. Убал, кесир дегенден коркпойт окшойт, тооба. Ата энеси көрүп эмне деди экен.
+4
Turdueva
2021-11-28 18:44:01
Чындыгында бул кылганы мага жакпады неси искусство тугуно албадым же менин искуствого тушунугцм жок. Атын чыкпаса жер ортто деп эле тушундум
+1
zhaynak
2021-11-28 21:36:41
ЮКамырга кошо тандырга сала турган кок мээ го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан