Америкалык мушкер, бокс боюнча супер оор салмактагы дүйнөнүн экс-чемпиону Майк Тайсон Нью-Йорк шаарында жеке автордук китебинин бет ачарын өткөрдү. Бул маалымат Эл аралык бокс федерациясынын расмий сайты аркылуу чагылдырылды.
Китеп “Майк Тайсон: Талашсыз чындык” (“Mike Tyson: Undisputed truth”) деп аталат. Анда мушкердин баңгизатка, кыздарына, жеке жашоосуна жана профессионалдык рингге байланышкан окуялары камтылган.