Айжан Анарбекова белбоо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болду

Айжан Анарбекова белбоо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу "Манас" университетинин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Айжан Анарбекова 24-27-ноябрь күндөрү Өзбекстанда өткөн 18-20 жаш курактагы, 76 килограммга чейинки салмактагылар арасында өткөн белбоо күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпиондукта жеңүүчү аталды.

Эскерте кетсек, Орусиянын Казань шаарында сентябрь айынын башында өткөн КМШ оюндарында бел боо күрөшү боюнча кыргыз спортчулары 8 медаль алышкан. Алардын арасынан Айжан Анарбекова күмүш медалга ээ болгон.

Айжан Анарбекова "Манас" университетинин Спорт илимдери факультетиндеги машыктыруучуларды даярдоо бөлүмүнүн үчүнчү курсунун студенти.

Айжан Анарбекова белбоо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
SARMAT
2021-12-01 21:39:13
АПЭЭЙ кыздар бизден спорт жагынан отуп кетти ))))
0
SARMAT
2021-12-01 21:39:31
биз олтурук чала спортик болуп ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан