Төрөт үйүнөн уурдалган ымыркай өз апасына берилди

Бишкекте №4-төрөт үйүнөн уурдалган ымыркай өз апасына берилди. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, ымыркайга мурда Кызжибек деген ысым ыйгарылса, эми ысымы Октябрина болуп өзгөрүлөт. Кыздын атасы муну жоголгон ымыркайды таап берген Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын урматына жана кызынын октябрь айында төрөлгөнү менен байланыштырды. 

Кылмышка шектүү Нуржандын үйүн тинтүү учурунда Октябрь райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү 4-ноябрда берген туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү табылды.

 

Эскерте кетсек, ымыркай 5-ноябрда уурдалып, 14-ноябрда Асанбай кичи районундагы №4-үйдөн табылды. Аны уурдаган айым №4-төрөт үйүнөн (ымыркай төрөлгөн төрөт үйү) бейтап болуп чыкты. Бул ишке башка адамдар да аралашканы айтылып, учурда иликтөө жүрүп жатат.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
LEP888
2013-11-15 09:06:44
Кантип озу эле уурдап кетсин, эми сообщниктерин жашырып жатат да, 4 роддом торолгондугу жонундо справканы кантип берди тийиши жок болсо???
0
netsa
2013-11-15 09:36:56
акча учун эмнени гана кылышпайт!((
0
Begimai.ru
2013-11-15 21:15:39
кыздын аты жакты октябрина бирчи жолу уктум.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан