Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылган тапшырмасына ылайык, УКМК 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болгон «Айыл Банк» ААКсынын ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү текшерди. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, "Айыл Банк" ААКсы тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу боюнча ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары боюнча маалыматтар тастыкталган.
"Мындан тышкары, аталган насыялар калктын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталганы, чындыгында бул кредиттердин Банкка төлөмдөр боюнча чоң карызы бар экендиги аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.
Буга байланыштуу УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, анын алкагында тергөө тарабынан, жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча "Айыл Банк" ААКсынын жооптуу адамдарынын жана башка жактардын аракеттерине юридикалык баа берилип, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилмекчи.