Ксения Палкина Эл аралык теннис мелдешинин жуптугунда финалга чыкты

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина жуптукта Астанада өтүп жаткан Эл аралык мелдештин  финалына чыкты. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Ксения Палкина өзбекстандык теннисчи Альбина Хабибулина менен жуптукта финалга чыгышты. Жарым финалда алар Камила Керимбаева (Өзбекстан) жана Сабина Шарипова (Казакстан) жуптугун 2:0 (6:4, 6:1) эсебинде утуп алышты.

Ксения жана Альбина финалда орусиялык теннисчилер Полина Монова жана Алёна Тарасованын жуптугуна каршы турушат.

Мелдеш 17-ноябрда аяктайт. Мелдештин байге фонду 10 000 АКШ доллары. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан