Гүлжигит Алыкулов ойногон "Кайрат" клубу Казакстан Кубогун жеңип алды

Кечээ, 28-ноябрда Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын футбол боюнча Кубогунун финалы орун алды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, беттеште Гүлжигит Алыкулов ойногон "Кайрат" менен карагандалык "Шахтёр" кез келишти.
"Оюндун негизги жана кошумча убактысы 3:3 эсеби менен аяктап, оюндан кийинки пенальтилер сериясынын жыйынтыгы боюнча, 9:8 эсеби менен алматылык "Кайрат" клубу жеңип, Казакстандын 10-жолку чемпиону аталды.
Алыкулов беттештин 81-мүнөтүндө оюн талаасына чыгып, 11 метрлик соккулардын бирин ишке ашырды", - деп жазылат маалыматта.
Эске сала кетсек, алматылык клуб бул сезондо чемпиондукта 3-орунду ээлеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bayern-munchen
2021-11-29 22:31:06
Азаматсын Гулжигит
+1
KG-312
2021-11-29 23:59:23
Гүжү бул клубдан кетиш керек, лавкада отуруп жаштыгын и талантын жоготуп атат!!!
+1
PFC-CSKA
2021-11-30 00:46:28
Курбан Бердиев начар тренер экен Гулжигит Кайраттан кетпесе лавкада олтуруп убакыт уттуруп жатат .
+1
SARMAT
2021-12-01 21:38:01
ажара ГУЖУ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан