"Мессини көргүсү келбей...". Криштиану Роналду "Алтын топ" тапшыруу аземине барган жок

Белгилүү португалиялык футболчу Криштиану Роналду "Алтын топ" тапшыруу аземине барган жок. Бул тууралуу португалиялык жалпыга маалымдоо каражаттарына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышууда.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, "Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу "Алтын топ" тапшыруу аземине катышуу үчүн Францияга барган эмес. Мунун себеби "ПСЖ" клубунун чабуулчусу, аргентиналык футболчу Лионель Мессинин башкы сыйлыкты алуусуна катышуу ниети жоктугу менен байланыштуу экендиги айтылат маалыматта.

Басылмалардын маалыматында "Алтын топтун" башкы талапкери Лионель Месси болууда. Эгер бул жолу да аргентиналык футболчу бул наамды ала турган болсо, ал 7-ирет "Алтын топтун" ээси болот.

Эскерте кетсек, октябрь айынын аягында испаниялык "Marca" аттуу спорттук гезиттин сурамжылоосуна ылайык, "Алтын топтун" ээси катары 34 пайыз добушту Месси алган, экинчи орунду "Реалдын" футболчусу Карим Бензема алса, добуштардын саны боюнча үчүнчү орунга "Бавариянын" форварды Роберт Левандовский жайгашкан.

Буга чейин "Алтын топ" тапшыруу аземи Париж шаарында өтөрү жана бул наамга талапкер футболчулардын тизмеси жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Argen9899
2021-11-30 01:21:42
Ичи кутуп кеткен го
0
KG-312
2021-11-30 03:14:59
Argen9899, Даже топ-5 те жокко))).
-1
ulanbek2000
2021-11-30 04:17:39
УЕФАнын мафиясы уят.
+1
KG-312
2021-11-30 07:18:14
ulanbek2000,Р.анальдоисткалар менен, алардын эжелеринин акыркы шылтоолору))). Дагы саясий куугунтук депда кой)).
-1
ulanbek2000
2021-11-30 08:50:36
KG-312, Роналду Месси болуп бөлүнгөнүм көрдүңбү. Мээси жок
0
tsunse
2021-12-01 01:21:45
Арким өзүнүн оюн айтканга акысы бар. Негизи статистикага караш керек эле. Месси эч кандай турнирде женүүчү аталган жок, бир жылдын ичинде. Ла лига, лиги чемпионат. Же гол жаратуу боюнча алдыда эмес эле. Месси татыктуу эмес эле зм га.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан