"Манчестер Юнайтеддин" португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду "Алтын топ" наамын тапшыруучу "France Football" журналынын башкы редактору Паскаль Феррени жалган билдирүү тараткан деп айыптады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, футболчу башкы редактордун "Роналду мен үчүн футболдук карьерамда аргентиналык чабуулчу Лионель Мессиге караганда көп жолу "Алтын топтун" ээси болуу маанилүү" деп айткан деген билдирүүсү чындыкка дал келбей тургандыгын айтты.
"Паскаль Ферре менин атымды өзүн жана басылманы жарнамалоо үчүн колдонду. Мындай беделдүү наамды тапшырууга жооптуу адамдын басылманы жана бул наамды урматтаган адамдын дарегине карата жалган айтуусу туура эмес.
Менин футболдук карьерамдагы эң негизги максатым бул - мен ойноп жаткан клуб үчүн улуттук жана эл аралык тутулдарга ээ болуу, профессионалдуу футболчу болууну каалагандар үчүн жакшы үлгү көрсөтүү. Ошондой эле дүйнөлүк футбол тарыхына өз атымды алтын тамгалар менен жазып калтыруу башкы максатым", - деп жазган футболчу социалдык тармактагы баракчасына.
Эскерте кетсек, буга чейин "Алтын топ" тапшыруу аземи Париж шаарында өтөрү жана бул наамга талапкер футболчулардын тизмеси жарыяланган.
Ошондой эле Криштиану Роналду "Алтын топ" тапшыруу аземине катышуу үчүн Францияга барбагандыгы айтылып, мунун себеби "ПСЖ" клубунун чабуулчусу, аргентиналык футболчу Лионель Мессинин башкы сыйлыкты алуусуна катышуу ниети жоктугу менен байланыштуу экендиги жазылган болчу.