Бүгүн, 30-ноябрь - Пилдердин бүткүл дүйнөлүк күнү же Слоноуин. Бул күндү майрам катары белгилөө демилгесин экологдор көтөрүп чыккан. Максаты - пилдерди ырайымсыз мамиледен коргоо жана алардын популяциясын сактап калуу. Майрамда түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, пилдер тууралуу кызыктуу маалыматтар берилип, алардын жашоосун чагылдырган тасмалар элге көрсөтүлөт.

Пилдерге болгон мергенчилик ушул күнгө чейин токтобой келет. Эгерде бул абалды өзгөртпөсө 30-50 жылдын ичинде пилдердин Жер планетасынан жоголуп кетүү коркунучу бар экендигин экологдор эскертишет.
Сиздерге дал ушул алп жаныбар тууралуу кызыктуу фактыларды тартуулайбыз!
- Пилдер кургактагы сүт эмүүчү жаныбарлардын эң чоңу болуп эсептелет. Алардын бийиктиги 4 метр жана боюнун узундугу 7,5 метрге жетет. Салмагы 7 тоннага чейин болот.
- Индиялык жана африкалык пилдер жоголуп бараткан жаныбарлардын түрүнө киргендиги үчүн Кызыл китепке киргизилген. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму 1989-жылы пилдин сөөгү менен соода кылууга тыюу салган.

- Жаңы туулган пилдин баласынын салмагы 100-120 килограммды түзөт. Ургаачы пил баласын жарык дүйнөгө алып келгенге чейин ичинде 22 ай көтөрөт.
- Пилдин мээсинин салмагы 5 килограммды түзөт.
- Пилдин денесин муздатуу үчүн чоң кулактары кондиционер сыяктуу жардамга келет. Жылуулук кулактардагы кан тамырлар аркылуу бөлүнүп чыгат. Пилдер абанын айлануусун тездетүү үчүн кулактарын каккылайт.
