Beeline Кыргызстан оператору өз абоненттерин кайрадан кубантты. Эми «Мой Beeline» тиркемесин орноткон бардык колдонуучулар үчүн СберЗвук аудиосервиси жеткиликтүү.
СберЗвук — бул жашоонун ар бир учурун ылайыктуу үн менен коштогон аудиосервис. Анда 60 миллиондон ашык композиция, анын ичинде, HiFi сапатта, бир жүз миңдеген подкасттар, аудиокитептер жана башка көптөгөн нерселер жыйналган.
СберЗвуктун бардык колдонуучуларына радио менен «Толкундар» деп аталган стримингдин эң мыктысын өзүндө бириктирген аудиоберүүнүн жаңы жекелештирилген форматы жеткиликтүү. Толкундар – бул өз табитиңизге оңой ылайыкташтырылуучу музыкалык тематикалык аудиостанциялар. Ошондой эле төмөнкүлөр менен толукталуучу музыкалык эмес контент: он эки Зодиак белгисинин ар бири үчүн күнүмдүк жылдыз төлгө, СберЗвук Дайджест жана ошондой эле мода жана технология дүйнөсүндөгү жаңылыктар камтылган, саякаттар, СЖО жана көптөгөн башка нерселер жөнүндө LifeStyle News деп аталган программалардын линейкасы. С Толкундар менен колдонуучу жаңы тректерди издөөгө убакыт коротпойт, ал эми радио сүйүүчүлөр жарнамасыз, өзүнө ылайыкташтырылган кадимки угуу форматын алышат. Жана ушунун баары эми Beeline абоненттеринин смартфонунда.
Оператордун өз абоненттери үчүн жаңы жана мыкты чечимдерди табууга умтулуусу менен, СберЗвук эми iOS, Android үчүн тиркемеде да, «Мой Beeline» тиркемесинде да жеткиликтүү. СберЗвувктун контентин угуу үчүн чексиз трафик алуу үчүн болгону Beeline тиркемесиндеги сервиске туташуу зарыл. Ал эми телефонуна «Мой Beeline’ды» орното электер бул шилтеме менен орнотуп алышса болот.
Beeline долбоорлоруна алдыңкы эл аралык компанияларды да тартуу менен, ар дайым өз тиркемелерин жакшыртуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп турат. Мунун бардыгы абоненттерге эң талаптуу, сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө багытталган.
«Мой Beeline» тиркемеси — жөн гана кызматтарды туташтыруу үчүн платформа эмес, колдонуучуларга күн сайын улам көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү болгон, чыныгы өз уюлдук оператору менен өз ара аракеттешүү жана башкаруу борбору.
Beeline Сизге камкордук менен!