Бүгүн, 15-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна Европанын аймагынан алгачкы тандап алуу оюндары өтөт. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунда өз тайпаларында 2-орунду ээлеп калган 8 команда биринчи беттештерин өткөрөт. Анда Исландия-Хорватия, Украина-Франция, Португалия-Швеция жана Греция-Румыния командалары беттешет. Беттештерден Исландия-Хорватия оюну Бишкек убактысы боюнча 01:00дө орун алат. Ал эми калган оюндар 01:45те башталат. Эске салсак, бул биринчи беттештер менен жолдомонун ээси аныкталбайт. Жооптук оюндар 19-ноябрда өтөт. |