Ош-Ноокат унаа жолунда Mercedes-Benz Sprinter күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү Ош-Ноокат унаа жолунун 5-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.
Өрт саат 23:50дө чектөөгө алынып, 00:10дө толук өчүрүлгөн.
Өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар жок.