UFC`нин чемпиону Валентина Шевченко Ысык-Көл облусунда көлдүн жээгинде машыгып жаткандагы видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Белгилей кетсек, Шевченко Кыргыз өлкөсүнө 21-ноябрда келген.
26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 266" турниринде Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфи менен кез келип, атаандашынын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.