Бүгүн жылдын мыкты спортчулары сыйланат

Спорт жаатындагы өлкө мыктыларын сыйлоо бүгүн, 1-декабрда өтөт. Иш-чара саат 17:00дө Кыргыз улуттук филармониясында орун аларын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Азем дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыз спортчуларынын кызыл килемден өтүүсү менен башталып, салтанаттуу азем менен коштолот.
"SPORTS AWARDS – 2021" сыйлыгы спорт жана дене тарбия тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшү менен жайылышына маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет. Быйыл сыйлык тапшыруу аземи 7-ирет уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгү сыйлыктар тапшырылат:
Улуттук спорт;
Мыкты спортчу;
Мыкты машыктыруучу;
Олимпиадалык спорт
Мыкты спортчу;
Мыкты спортчу айым;
Мыкты машыктыруучу;
Олимпиадалык эмес спорт
Мыкты спортчу;
Мыкты спортчу айым;
Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча
Мыкты машыктыруучу;
Жыл жаңырыгы;
Мыкты улакчы;
ММА боюнча мыкты мушкер;
Иш-чаранын негиздөөчүсүнүн атайын сыйлыгы
Мыкты меценат;
Мыкты федерация;
Мурат Саралинов атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан