“Мен ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” катары “Алтын топту” алууга даярмын”,-дейт франциялык футболчу, мюнхендик “Бавариянын” клубунун жарым коргоочусу Франк Рибери. Бул пикирин ал европалык басылмалар менен болгон маегинде билдирди.
“Менин жубайым үйдө “Алтын топту” жайгаштыруу үчүн орун камдап койду. Мен “Алтын топ” тууралуу ойлонбоого тырышып жатам. Бирок менин жубайым жана “Баварияда” ойногон өнөктөштөрүм бул сыйлыкты быйыл мен алышым керек экенин айтышууда. Мен да 2013-жылы көрсөткөн оюнумду карап, бул сыйлыкка татыктуумун деп ойлойм”,- дейт футболчу.
Эске салсак, ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” наамы жыл сайын тапшырылат. Быйыл ФИФА бул сыйлыкка талапкер 23 футболчунун ысымын атаган. Декабрь айында добуш берүүнүн жыйынтыгында эң көп добуш топтогон 3 футболчунун аты аталат. “Алтын топтун” ээси 13-январда белгилүү болот.