
Футболчу оюн учурунда күлкүлүү симуляция жасап талкууга алынды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Палмейрас" клубунун чабуулчусу Дейверсон "Фламенго" клубу менен болгон Либертадорес Кубогунун финалында симуляция жасады (2-1).
Кошумча убакыттын акыркы мүнөттөрүндө беттештин башкы калысы Нестор Питана бир нече көрсөтмөлөрдү берип, оюнчуну далысынан таптаган. Ошол учурда Дейверсон дароо жаракат алгандай түр көрсөтүп газонго жыгылган.
Социалдык тармактын колдонуучулары чабуулчуга мындай кылыгы үчүн "Оскар" сыйлыгын бериш керек деген пикирлерин калтырышкан.