"Дордой" футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп Мурат Жумакеев дайындалды. Бул тууралуу клубдун расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ал 2017-жылдан бери клубдун резервдик штабын жетектеп келген.
Эске салсак, футбол боюнча башкы машыктыруучу Александр Крестинин "Дордой" клубундагы машыктыруучулук кызматын токтоткону маалымдалган.