Бүгүн, 15-ноябрда Топ-Лиганын сезондогу акыркы беттешинде “Дордой” - “Алга” беттешет

Бүгүн, 15-ноябрда КРнын Топ-Лигасынын сезондогу акыркы беттешинде “Дордой” жана “Алга” командалары Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет. 

 

Маалыматка ылайык, бул беттеш КРнын Топ-Лигасынын 2013-жылкы сезонунун алкагындагы акыркы беттеш болот. Бул оюн “Алга” командасынын мелдеште 3-орунга илинип калуусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болот.

 

Эске салсак, КРнын Топ-Лигасынын чемпиондугун Ош шаарынын “Алай” командасы 43 упай топтоп, утуп алган. 2-орунду бишкектик “Дордой” 37 упай менен камсыздап койгон. Ал эми 3-орунду азырынча канттык “Абдыш-Ата” 33 упай менен ээлеп турат. Эгерде “Алга” "дордойчуларды" утуп алса топтогон упайларынын саны боюнча канттык “Абдыш-Атаны” артка таштап, 3-орунду камсыздайт. “Алганын” карамагында учурда 19 оюнда 31 упай бар. Ал эми калган атаандаштары 20 оюн ойноп, мелдешти жыйынтыкташкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан