Польша курамасынын жана мюнхендик "Бавария" клубунун чабуулчусу Роберт Левандовский коронавирустан улам берилбей калган былтыр, 2020-жылдагы "Алтын топ" сыйлыгын алышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, ага "Алтын топ" сыйлыгын берүү маселеси Лионель Месси 2021-жылдагы "Алтын топ" сыйлыгын алып жатып, Левандовский 2020-жылдын мыкты футболчусу аталганын айткандан кийин көтөрүлгөн. Ошол эле учурда Левандовский 2020-жылы 6 Кубок утканы белгиленген.
29-декабрда Лионель Месси жетинчи жолу "Алтын топту" алса, Левандовский добуш берүүдө экинчи болду. Добуш берүүнүн жыйынтыгына бир катар эксперттер нааразы болуп, Роберт Левандовский сыйлыкка көбүрөөк татыктуу экенин билдиришкен.