Азия футбол конфедерациясы (АФК) Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго суктанган билдирүүсүн социалдыктармактагы баракчасына жарыялады.
"Кооз асман алдындагы кооз оюн. "Дөлөн Өмүрзаков" стадиону, Бишкек шаары", - деп жазылды АФКнын баракчасында.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион өлкөдөгү башкы спорттук арена болуп саналат. Стадион 1941-жылы ачылган. Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы үй оюндарын дал ушул стадиондо өткөрөт.