Спортчу Максим Гордеев Пекинде өтө турган XXIV кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Лыжа боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Максим Гордеев XXIV кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу Максим Гордеев "Тоо лыжасынын" слалом түрү боюнча квотанын ээси болду.
"Анын жыйынтыгы Эл аралык лыжа федерациясынын расмий сайтында келе жаткан 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучулардын тизмесинде көрсөтүлгөн", - деп жазылат агенттиктин маалыматында.
Максим Гордеев тоо лыжа спортунун слалом жана гигант слалом түрү боюнча көптөгөн эл аралык турнирлердин катышуучусу жана Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону.
Белгилей өтсөк, XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекин шаарында 4-февралдан 20-февралга чейин өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан