Спортчу Каныбек Осмоналиевдин 60 жылдык мааракесине СССР учурундагы Олимпиада чемпиондору келет

Оор атлетика боюнча 1980-жылкы Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин Бишкекте өтө турган 60 жылдык мааракесине Олимпиада чемпиондору келет. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Муратбек Саралинов бүгүн, 15-ноябрда билдирди.

 

Муратбек Саралиновдун айтымында, бүгүн кезинде Каныбек Осмоналиевди машыктырган машыктыруучу Семён Иткин Израилден учуп келет. Андан тышкары Москвадан жеңил атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова жана мылтык атуу боюнча 1980-жылкы Олимпиаданын чемпиону аталган Александр Мелентьев келет.

 

Саралинов белгилеп өткөндөй, Каныбек Осмоналиевдин урматына уюшулуп жаткан Эл аралык мелдеш 25-ирет өтөт. 19-ноябрга белгиленген мелдеш Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жогоруда аты аталган Олимпиаданын чемпиондорунун катышуусунда өтөт.

 

Кошумчалай кетсек, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортчулар күч сынашышат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан