Мээрим Жуманазарова менен орусиялык балбан Ханум Велиеванын көз караштар таймашы болуп өттү. Бул тууралуу өлкөнүн күрөш федерациясынан маалымдашты.
Балбандар бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 00:55 чамасында "Москва гран-приси - Алроса Кубогу" мелдешинин алкагында килемге чыгышат. Башка турнирлерден айырмаланып бул жолу эки спортчунун кимиси жеңишке жетишсе аталган мелдештин чемпиону аталат.
Мээрим Жуманазарова Ханум Велиеваны Ослодо өткөн дүйнө чемпиондугунун жарым финалында жеңип алган. Анда орусиялык машыктыруучулар калыстардын чечимине нааразычылыгын билдирип чыгышкан эле.
"Москва гран-приси - Алроса Кубогу" мелдешинде белгилүү молдовалык балбан Виктор Чобану менен орусиялык Сергей Емелиндин да беттеши орун алат. Спорттук иш-чара Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө башталат.