Тоо-лыжа спорту боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Максим Гордеев 2022-жылы Пекинде өтө турган XXIV Кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз спортчусу кышкы Олимпиада оюндарына лыжа тебүүнүн слалом дисциплинасы боюнча катышат.
Максим Гордеев 1995-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Ал бир катар эл аралык жана өлкө ичиндеги мелдештердин жеңүүчүсү.
Белгилей кетсек, XXIV Кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылдын 4-20-февраль аралыгында Кытайдын Пекин шаарында өтөт.