"Манчестер Юнайтед" клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду футболдук карьерасындагы 800-голун жаратты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, футболчу 800-голун Англия Премьер-Лигасындагы 14-турдук оюндарда "Арсенал" менен болгон беттеште жаратты.
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Спорттук статистикалык фонддун маалыматына караганда, мындай көрсөткүчтүн рекордсмени болуп австриялык жана чехословакиялык форвард Йозеф Бицан эсептелинет. Ал өз карьерасында 805 гол жараткан.