Мээрим Жуманазарова орусиялык Ханум Велиеваны утуп, чемпион аталды

Мекендешибиз Мээрим Жуманазарова "Москва гран-приси - Алроса Кубогу" мелдешинде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мээрим Жуманазарова орусиялык балбан кыз Ханум Велиева менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңишти камсыздады.

Башка мелдештерден айырмаланып бул турнирде спортчулар бир гана жолу беттеш өткөрөт жана жеңишке жеткени "Москва гран-приси - Алроса Кубогу" мелдешинин чемпиону болот.

Эске салсак, Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиева Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында кез келишкен. Анда беттеш 3:3 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз балбан кызы жеңишке жетишкен. Беттештен кийин орусиялык машыктыруучулар калыстардын чечимине нааразычылык билдирип чыгышкан.

Мээрим Жуманазарова Ханум Велиеваны 3:2 эсебинде утуп, жеңишке жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
-FREEDOM-
2021-12-04 02:09:09
Азаматсын! Мээрим сулуу ,сени мн сыймыктанабыз
+14
-FREEDOM-
2021-12-04 02:09:35
Аллахка шугуур!
+14
Simels
2021-12-04 02:36:30
Сүйөбүзго сүйөбүз Мээримди. Азаматсың!!! Ийгилик!
+13
KBD1987
2021-12-04 02:39:37
Орустар чыдабай ар кандай жолго салса да оомат биздин кызда.
+15
ruslan.kurmanaliev.1984-m
2021-12-04 02:51:05
Молодец чемпионка так держать
+13
AdylbekB84
2021-12-04 03:31:44
Азаматсың карындашым, хотябы силер көңүлдү көтөрүп тургула ушинтип!
+14
IOA
2021-12-04 04:01:46
Молодец
+13
Djumahmatov
2021-12-04 09:02:28
Мээ сага орус
+11
bayern-munchen
2021-12-04 10:07:11
Оо азаматсын Мээрим чыдабас орустарга Ким мыкты экенин коргоздун бугун Эми Тилек Машраповго Аллахым куч кубат берсин намысты тажике бербесин
+9
Akjol18
2021-12-04 10:59:25
Азаматсың,карындашым.
+7
muslima-0788
2021-12-04 13:05:38
Мээрим ден соолук,куч кубат берсин сага.Дайым сени мененбиз,сени суйобуз.Азаматсың.
+7
dastan_nookat
2021-12-04 16:15:16
Жеңиш кут болсун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан