“Дордой” футболдук клубунун оюнчусу, футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев алган жаракатынан улам быйылкы сезонду эрте бүтүрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда super.kg порталына билдирди.
“Мен үчүн быйылкы сезон бүттү. 19-ноябрда орун алчу Кыргызстан-Азербайжан жолдоштук беттешине да чыга албайм. Жаракаттан качан айыгып, качан майданга кайтарым дүйшөмбү күнү белгилүү болот. Дарыгерлер азыр менин жаракатымды карап, талдап жатышат”,- дейт футболчу.
Кошумчалай кетсек, Мирлан Мурзаев “Алга” - “Дордой” оюнуна көрүүчү катары келип, беттешке майдан сыртында көз салып отурат.