Мушкер Рафаель Физиев "UFC Vegas 44" турниринде жаңы зеландиялык атаандашы Бред Ридделлди нокаутка учуратуу менен жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жарыялады.
Беттеш кечээ, 4-декабрдан 5-декабрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас штатында болуп өткөн. Анын алкагында Рафаель Физиев жаңы зеландиялык Бред Ридделл менен күч сынашты.
Беттештин 3-бөлүгүндө Физиев атаандашына бут менен сокку узатып, анын натыйжасында нокаутка учуратуу менен жеңишке жетишти. Бул анын катары менен 5-жеңиши.
Эске салсак, Рафаель Физиев бир канча убакыт мурун мындан ары Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдештерге катышпай турганын жарыялаган. Ал Бред Риддел менен болгон беттешке Кыргыз өлкөсүнүн желегисиз чыкты.