Мекендешибиз Тилек Машрапов "АСА 113" турниринде тажикстандык атаандашы Мамуржон Хамдамовду утуп алды. Бул тууралуу орусиялык спорт басылмалары жазды.
Алардын жазган маалыматына караганда, эрежесиз уруш боюнча АСА уюмунун кезектеги турнири кечээ, 4-декабрда Орусиянын Санкт-Петебург шаарында болуп өттү.
Мелдештин алкагында кыргыз мушкери Тилек Машрапов тажикстандык Мамуржон Хамдамов менен күч сынашты. Беттештин 3 бөлүгүндө тең мекендешибиз үстөмдүгүн көрсөтүп, жыйынтыгында калыстардын бир тараптуу чечими менен жеңишке жетишти.
Муну менен ал карьерасындагы 11-жеңишин камсыздады.