Beeline абоненттери үчүн 60 миллион музыкалык тректер. Жаңы тарифти кошуп, СберЗвук аудио сервиске акысыз жеткилик ал

Beeline алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен рынокто биринчи болуп СберЗвуктун популярдуу музыкалык сервисине акысыз жазылуу менен тарифтик пландарды чыгарды.

СберЗвук — жашоонун ар бир көз ирмемин ылайыктуу үн коштоо менен толуктаган аудио сервис. Анда 60 миллион композиция, анын ичинде HiFi сапатында, жүз миңдеген подкасстар, аудиокитептер жана көптөгөн башка нерселер жыйналган. Ал эми сервистин «толкундар» функциясы телефонуңузда өзүңүздүн жеке аудиостанцияңызды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Бирге Музыка + ivi», «Бирге Музыка + YouTube», «Бирге безлимит Premium» интернетке арналган жаңы тарифтеринен ар бир кардар көңүлүнө жаккан нерсени таба алат:

  • Кино, сериал жана мультфильм сүйүүчүлөрү үчүн «Бирге Музыка + ivi» тарифине көпчүлүк абоненттердин сүймөнчүгү болуп калган IVI эң ири онлайн-кинотеатрына жазылуу кошулган;
  • Видео көп көргөндөр үчүн – YouTube’га ЧЕКСИЗ трафиги менен «Бирге Музыка + YouTube» тарифи;
  • Толук чексизди артык көргөн абоненттер үчүн оператор атайын сунуш даярдап койду – чексиз интернети жана СберЗвук менен IVI’ге чексиз жазылуусу менен «Бирге Безлимит Premium» тарифи.

Бирге түркүмүнүн башка сунуштарындагыдай эле, жаңы тарифтерде Beeline’дын ичинде чексиз чалуулар, эң активдүү колдонуучуларга да жетиштүү болгон чоң интернет топтомдору жана башка тармактарга мүнөттөр жеткиликтүү.

"Өз ишибизде биз ар дайым кардарларыбыздын керектөөлөрүнө жана тармактын дүйнөлүк тренддерине багыттайбыз. Эл аралык VEON тобуна таандык болуубуз бизге абоненттерибиз үчүн жаңы өнүмдөрдү жаратууда жана негизги өнөктөш компаниялар менен коллаборацияда алдыңкы санариптик тажрыйбаны колдонууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ушунун аркасы менен бүгүнкү күндө Beeline Кыргызстандын телекоммуникациялык кызматтар рыногунун лидери жана новатору болуп саналат", - дейт Beeline’дын коммерциялык директору Александр Атаманов.

Жаңы тарифтерди кантип кошсо болот?

Бардык тарифтер жөнүндө «Мой Beeline» тиркемеси, *991 номери аркылуу, beeline.kg сайтынын «Тарифтер» бөлүмүнөн, ошондой эле өлкөдөгү сатуу жана тейлөө кеңселеринен кененирээк билип, ылайыктуусун кошуп алсаңыз болот.

Ошондой эле сиз өзүңүзгө сайттан SIM-картаны жеткирип берүүгө тапшырык берсеңиз болот.

Тарифтерге кошулган бардык жазылууларды активдештирүү бир гана «Мой Beeline» тиркемесинде аткарылат.

Көңүл буруңуз! Тарифтерге кошулуу акция болуп саналат жана 2022-жылдын 30-апрелине чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан