Олимпиада чемпиону Роман Власов: "Убакыт өтүп жатат. Акжол Махмудов экөөбүздүн күрөшүбүздү уюштуруш керек"

"Лондон-2012", "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарынын жана Дүйнөнүн учурдагы чемпиону, орусиялык белгилүү балбан Роман Власов кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен жакынкы убакта күрөшүү ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу Власов социалдык тармактагы баракчасында видео кайрылууда айтты.

"Мага Акжол Махмудов менен болгон күрөш тууралуу көп адамдар жазышат. Ал Олимпиада оюндарында өзүнүн татыктуу экенин далилдеп, күмүш медалдын ээси болду. Балким, биз кадимки мелдештерде жолугарбыз. Бирок андан майнап чыкпаса, бул күрөштү уюштуруу керек. Анткени убакыт өтүп жатат. Мен дагы эң көп 3-4 жыл күрөшөм. Анан бул жолугушууну өткөрбөсөк, анда эч кандай мүмкүнчүлүк болбойт деп ойлойм", - деди Власов.

Роман Власов Акжол Махмудовдон 9 жаш улуу. Сентябрь айында дагы Роман Власов Акжол Махмудов менен килем үстүндө күрөшүү ниети бар экенин билдирген.

Роман Власов Акжол Махмудов менен күрөшүү ниети бар экенин билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belek1710
2021-12-07 09:18:44
Жеңилген күрөшкө тойбойт өзү
-2
CAPATAH
2021-12-07 09:58:09
Юиз да экөөңөрдүн күрөшүүңөргө абдан куштарбыз.
+3
Erlan_95
2021-12-07 22:53:00
Олимпиадада Власов менен чыкты беле?
0
Mister-XXX
2021-12-08 00:20:46
Erlan_95,Олимпиадага жолдомо албай калган.Бирок буга чейин эки жолу Олимпиада чемпиону болгон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан