UFC: Рафаэль Физиев рейтингде үч сапка жогору көтөрүлдү (тизме)

Кыргыз өлкөсүнөн баш тарткан мушкер Рафаэль Физиев "UFC on ESPN 31" турнириндеги Жаңы зеландиялык Брэд Ридделлди жеңгенден кийин жеңил салмактагы рейтингде үч сапка жогору көтөрүлдү.

UFC уюмунун расмий сайтындагы маалыматта Рафаэль Физиев Брэд Ридделлди жеңгенден кийин 14-орундан 11-орунга көтөрүлгөн.

4-декабрдан 5-декабрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында Рафаэль Физиев Брэд Ридделлди беттештин үчүнчү бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңип алган. Бул жеңиши үчүн ал UFC уюмунан жалпы 104 миң доллар алды.

Эске салсак, Рафаэль Физиев буга чейин мындан ары Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдештерге катышпай турганын жарыялаган. Ал Бред Ридделл менен болгон беттешке Кыргыз өлкөсүнүн желегисиз чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
alimbek94
2021-12-07 15:16:35
Азаматсын Физиев. Ишине ийгилик. Кайда жүрбө өнүгүп өсө бер. Биздеги саткынчы, ушакчы молдолор элди дүрбөлөңгө салып, чуу чыгарып олтуруп, аягы сендей мыкты жигиттерибиз чет өлкөдө чыгып кетип жатышат. Кыргыздын менталитети ушул экен.
-5
marat-ju
2021-12-07 15:20:21
alimbek94,ушак эмес Алладан корккон адам эл эмне дейт, Физиев эмне дейт деп олтурбаш керек. Акты ак караны кара деп туура айткан молдолор баркташыбыз керек, Физиевди эмес.
+6
rysik79
2021-12-07 18:22:33
Физиевке шамал.
-2
Kushu_0703
2021-12-07 21:09:00
Конорго жеткени калыптыр донуз тузуксун бирок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан