15-ноябрь күнү кечинде Бишкекке Олимпиада чемпиону, СССРдин спорт чебери Каныбек Осмоналиевдин жеке машыктыруучусу Семён Иткин келди. Ал аталган спортчунун юбилейине катышуу үчүн келип, аны аэропорттон Каныбек Осмоналиев өзү тосуп алды.
“Мен өзүмдүн мекениме, өзүмдүн улуу баламды юбилейи менен куттуктаганы келдим деп айтсам болот. Кыргызстанга келгениме абдан кубанычтамын. Менин окуучумду унутпай барктаган кыргыз элине ыраазымын”,- деди Иткин.
Иткин иш сапарынын алкагында Кыргыз улуттук университетинин жана Дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери менен жолугушат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, С.Иткин учурда Израилде жашайт.