Акжол Махмудов социалдык тармактагы баракчасына жакында эле аны килем үстүндө беттешке чакырган орусиялык балбан Роман Власов тууралуу пикири менен бөлүштү.
"Роман Власовдун менин ийгиликтериме берген баасын жана мени менен беттеш өткөргүсү келгенин угуу мага абдан кубанычтуу болду! Мындай деңгээлдеги балбан менен килемге чыгуу мен үчүн чоң сыймык. Биз күйөрмандарыбыз үчүн укмуштуудай кармаш уюштурабыз деп ишенем. Анткени ал ар дайым биздин дивизиондо бардык күйөрмандар үчүн, анын ичинде мен үчүн дагы чыныгы үлгү болуп келет", - деп жазды балбан.
Ал эми Роман Власов билдирүүнүн алдына "Бир тууган Кыргыз өлкөсүнөн чыккан дүйнөдөгү күчтүү балбандардын бири менен килемге чыгуу мен үчүн кубаныч", - деген пикирин калтырды.
Эске салсак, Роман Власов жакында эле кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен беттеш өткөрүү ниетин билдирген. Ал Олимпиаданын 2 жолку, дүйнөнүн 3 жолку чемпиону. Көп өтпөй Акжол Махмудов орусиялык балбандын чакырыгын кабыл алып, беттеш Бишкекте өтүшү мүмкүн экендигин жазды.