UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко учурда Ысык-Көл облусунда эс алып, ошол эле учурда машыгуу өткөрүп жүрөт.
Мушкер айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Ысык-Көлдө кой айдап бара жаткандагы сүрөт, видеолору менен бөлүштү.
"Валентина чабан. Ысык-Көл көлү, Кыргыз өлкөсү. Декабрь 2021-жыл", - деп жазды видеонун астына Шевченко.
26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 266" турниринде Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфи менен кез келип, атаандашынын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.